17:31, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы Моңголиянын президенти менен жолугушту

На русском
15:07, 13 кулжа 2019 117
Слева направо: премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев с президентом Монголии Халтмаагийном Баттулгой
Слева направо: премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев с президентом Монголии Халтмаагийном Баттулгой

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарында эки жактуу кызматташууларды кеңейтүү жөнүндө пикир алмашылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Халтмаагийн Баттулганын расмий иш сапары кыргыз-моңгол мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү дем берерине ишеним билдирди.

Баса белгиленгендей, маданий-тарыхый байланыштарды жана эки өлкөнүн элинин жакындыгын эске алуу менен саясий диалогдун активдешүүсү эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыктарынын артыкчылыктуу тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтет.

Тараптар соода байланыштарды активдештирүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга келген моңгол туристтеринин санын көбөйтүү жолдорун талкуулашты.
Президент Халтмаагийн Баттулга Мухаммедкалый Абылгазиевди Моңголияга сапары менен барууга чакырды. Чакырууну Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.

Ошондой эле моңгол лидери жолугушууда кыргыз тарапка Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына даярдануунун алкагында Улан-Батордо спортчулардын биргелешкен окуу-машыгууларын өткөрүүнү сунуштады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком