02:54, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — С.Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпинге жогорку сыйлык тапшырды

На русском
12:05, 13 кулжа 2019 (Жаңыланды: 12:48, кулжа 13 2019) 165
// АКИpress

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик жогорку сыйлык менен сыйлады. Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жолугушууда Кытай лидерине I даражадагы «Манас» ордени тагылды.

Си Цзиньпинди «Манас» аэропортунан 12-июнда президент өзү тосуп алган. Лидерлер ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешине катышат.

-------------------------------------

3 даражадан турган «Манас» ордени Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы болуп эсептелет.

Бул сыйлык 1996-жылдын 10-июлунан тарта мамлекеттин биримдигин сактоого жана аны коргоого, демократиялык коомду түзүүгө, элдин биримдигин жана руханий, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүгө, мамлекеттин экономикасын жогорулатууга салым кошкон адамдарга урмат-сый катары тапшырылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком