02:53, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 2 троллейбустук каттам убактылуу токтотулду

На русском
09:28, 13 кулжа 2019 116
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарында №11 жана №14 троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулду. Мындай чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүүгө байланыштуу экенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Каттам саммит жыйынтыкталгандан кийин калыбына келтирилет.

------------------------------------------------------------------

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары баштаган делегациялар Бишкек шаарына келгендигине байланыштуу айрым борбордук көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Буга чейин коомдук коопсуздукту 5 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылган.

12-июндан тарта 14-июнга чейин чектөө боло турган көчөлөр:

- «Манас» аэропортунан тарта Фучик көчөсү менен Жибек жолу проспектисине чейин;

- Жибек жолу проспектиси менен Жаш гвардия бульварына чейин;

- Жаш гвардия бульварынан Чүй проспектисине чейин;

- Чүйдөн Манас проспектисине чейин;

- Манас проспектиси жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Мамлекеттик резиденцияга чейин.

карта

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком