10:52, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Парламент А.Атамбаевдин сөзүнө жооп катары кандай кадамдарды жасашы керек? Депутаттардын пикири

На русском
18:47, 12 кулжа 2019 171

Баракелде -  Парламенттин бүгүн, 12-июндагы отурумунда эл өкүлдөрү жана төрага экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттар тууралуу айткан сөзүнө жооп кайтарышты. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары мурунку президентти кол тийбестигинен ажыратуу керек десе, кээ бирлери ал учурда парламент бийликте болгонун айтып, бардыгын жоопкерчиликке тартуу керек деген пикирин билдирди.

Тыныгуу учурунда «Күн тартиби» парламенттик программасынын кабарчысы депутаттардын пикирин угуп көрдү.

--------------------------------------------------------

Кабарчы: - Экс-президенттин сүйлөгөн сөзү боюнча төрага баш болуп жообуңуздарды айттыңыздар. Эми кандай чечим күтүлүп жатат?

Депутат Иса Өмүркулов (КСДП партиясынын лидери): - Мыйзам боюнча албетте, чара көрөбүз. Жалпы эле бийликке, шайланган президенттин атына, депутаттардын атына акарат келтирип, ошол эле мезгилде коррупцияга малынган кызматкерлерди коргоп, актанууга аракет кылып жатат. Албетте, чара көрүш керек. Бул боюнча башкы прокурорго трибунада суроо салдым.

--------------------------------------------------------

Кабарчы: - Сиз чет мамлекеттерде экс-президенттер четинен камалып жатат деп айттыңыз. Экс-президенттер камалгандан коркпош керек дедиңиз. Муну менен эмне айтайын дедиңиз эле?

Депутат Жанар Акаев: - Бизде тарыхтан сабак алуу болбой жатат. Депутаттар узурпация, чоң коррупциялык иштер болгонун айтып эле жатышат. Бирок чара көрүлгөн жок. Жеке мен Алмазбек Атамбаевден өч алайын же акарат келтирейин, сөз айтайын деген оюм жок. Себеби оппозиция болушу керек, оппозиция болгону жакшы. Бирок саясий камоолорду жасаган Сегизбаев, аларга буйрук берген Атамбаев, Жолдубаева эч кимиси, бири дагы жазасын алган жок. Эгерде алар жазасын албаса, ушундай кылсак боло берет экен деп элдин баары мыйзамсыз иштерге бара берет. Ошон үчүн жеке бир адамга же Атамбаевге жаман сөз айтайын деген оюм жок. Болгону тарыхтан сабак алып, жыйынтык чыгарсак жакшы болот эле деген ойду айттым.

--------------------------------------------------------

Кабарчы: - Экс-президенттин коррупциялык иштерге жол бергендиги, узурпация тууралуу буга чейин көп жолу айткансыздар. Айтып эле калып калабы же парламент өзүнүн күчүн көрсөтүш керекпи?

Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен» фракциясынын лидери): - Атамбаев Атамбаев болуп, бийликти мыкчып, баарын титиретип турганда Текебаев узурпация кылды, элита сынбасын, парламент сынбасын, конституция сынбасын, эл сынбасын, Атамбаевге укуктук баа берели дегенде Иса Өмүркулов баш болуп колдобой койгон. Мен бүгүн ошону айттым. Бүгүн дагы кеч эмес. Текебаев көтөргөн маселени күн тартибине коюп кароого депутаттарды чакырдым. Ага бардык мыйзамдар жол берет. Эми комиссия түзүп, Атамбаевдин убагында узурпацияга жол берилген факттар боюнча комиссия ишин жүргүзүп, анан прокуратурага бериш керек.

Аида Жеңишбековна да СИЗОдо эмес, УКМКда отурушу керек. Ал көп адамдардай эле системанын, Атамбаевдин курмандыгы болгон. Баарын туура кылды деп актаган жокмун. Болгону гумандуулук кылып, мыйзамдуулукту талап кылып жатам.

--------------------------------------------------------

Депутат Исках Масалиев («Өнүгүү-Прогресс»): - Депутаттар кат жазып, сунуш киргизсе болот. Экс-президенттин кол тийбестигин жана макамын алып коюу боюнча. Сын-пикир айткандан эч нерсе чыкпайт, кадам жасаш керек. Себеби Алмаз Шаршенович митингде сүйлөгөн сөздөрүнө окшогон сөздөр үчүн бир топ жарандарыбыз жоопко тартылган болчу. Керек болсо башкы прокурор президенттин беделине шек келтиргени үчүн сотко берсе болот.

--------------------------------------------------------

Кабарчы: - Өзүңүздүн эле кесиптештериңиз парламент алсыз, биз бийликти эмес, мыйзамды угушубуз керек. Убагында үн каткан эмеспиз деген пикирлерди айтып жатат. Сиз эмне дейсиз?

Депутат Талант Мамытов («Республика—Ата Журт»): - Ар бир нерсенин өз учуру болот. Эң негизгиси биз мыйзамдуулук чегинен чыкпашыбыз керек. Чынында Алмазбек Шаршенович экс-президент болгондон кийин балким ага теңелбейли, тийшпейли деген ар кандай ой болгон. Бирок кийинки учурда коррупциялык факттар чыкты. Бул факттарга көз жумуп коюуга болгон жок. Анткени булардын бардыгы насыянын эсебинен алынган. Биз аларды жаап-жашырып койсок биз дагы элдин алдында жооптуу болобуз. Ошол себептен биз чечим кабыл алдык. Бирок коррупциялык элементтердин ачылышына, Батукаевдин чыгып кетишине… Атамбаев чыгып алып комментарий берип, аларды коргойм, алар үчүн — камакта жаткан адамдар үчүн жанымды берүүгө даярмын деп айтпадыбы. Демек, ал өзү ошунун ичинде бар экенин билдирет. Парламент өзүбүздүн тиешелүү кадамдарды жасашыбыз керек.

Кабарчы: - Кандай кадамдарды жасайсыздар?

Депутат Талант Мамытов: Биринчи кезекте жалпы оюбузду билдирдик. Эми фракциялардын алкагында тиешелүү чечимдерди чыгарып, мыйзамдуу жол менен бул маселени чечиш керек. Аягына чыгарыш керек.

--------------------------------------------------------

Депутат Алтынбек Сулайманов («Бир бол» фракциясынын лидери): - Азыр юристтер менен депуттар акылдашып жатабыз. Бүгүн буюрса бир чечимге келебиз сөзсүз. Ыйгарым укутарыбызга карап баа берилет. Экс-президенттин айткан сөздөрү абдан орой. Абдан чегинен чыккан деп бааласа болот. Биз билебиз да убагында 6 жыл башкарганда кандай иштегенин, мамлекетти кандай акыбалга алып келгенин. Мына бүгүн түшүмүн көрүп жатабыз. Коррупция жөнүндө башкалар сүйлөсө да, ал киши унчукпай койсо болот. Унчукпай отурса өзүнө эле жакшы болмок. Жасаган иштерин башка бирөөгө оодаргысы келип жаткан мезгили.

Кабарчы: - Эски бийлик менен тиреш экономикабызга таасирин тийгизип жаткан жокпу?

Депутат: Албетте, тийгизип жатат. Биз туура эмес иш менен алек болуп жатабыз. Биз экономика, чарба иштери, мамлекетти алдыга жылдыра турган башка иштер менен алек болушубуз керек эле. Энергияны башка жакка жумшап жатабыз, ошол энергияны башка жакка жумшаганга аргасыз кылып жатышат. Митингдерди өткөрүп, элдин көңүлүн буруп, бул бийлик иштей албайт, мен керек болсо таягымды таянып Ак үйгө чейин барам, революция кылам дегенге чейин айтылып жатат. Бул мамлекетке жалпы зыян тийгизип жатат. Экономика менен алектенгене тоскоол болуп жатат. Ошондуктан чекит коюу керек.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком