10:52, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-президент макамын алууга 1 айдай убакыт жетет, - депутат

На русском
18:19, 12 кулжа 2019 298

Баракелде -  Экс-президент макамын алуу мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алган болушу керек.

Депутат макамды алуу сунушун кароо иштери жайкы эс алууга чыкканга чейин аяктай турганын так айта алган жок. «Буга кошумча-алымчасы менен 1 айдай убакыт кетет», - деген эл өкүлү демилгеге кол койгонун айтты.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») макамды алуу иштерине көп дегенде 3 күн талап кылына турганын айткан. «Бардыгы даяр», - деген ал.

Комиссияны түзүү сунушун Жогорку Кеңештеги 2 комитет:

- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети;

- Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети жактырышы керек.

Андан кийин парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком