02:56, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россия Кыргызстанга 56 автоунаа берет

На русском
20:00, 10 кулжа 2019 263
Флаги Кыргызстана и России
Флаги Кыргызстана и России

Баракелде -  ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешине даярдык көрүү иштерин алкагында Россиядан техникалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев журналисттерге билдирди.

«Россия Федерациясы бизге техникалык жардам көрсөттү. Биз «КАВЗ» үлгүсүндөгү 10 автобус, «Форд Фокус» үлгүсүндөгү 30 жеңил унаа, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү 20 унаа, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү брондолгон 6 унаа алдык», - деди Турдуназир Бекбоев.

Анын айтымында, саммиттен кийин унаалар аталган башкармалыктын балансында калат. Ошондой эле мындай колдоо үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком