19:22, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020183 Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
17:57, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020158 С.Жээнбеков менен Э.Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (47 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
17:54, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (11 адам окуп жатат)
Ак-Сууда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын жашоо шарты текшерилди

Казакстандагы президенттик шайлоо: Митингге чыккан адам каза болдубу? (видео)

На русском
20:46, Кулжа айынын тогузу, 2019 2744

Баракелде -  Казакстандын Нур-Султан шаарындагы митингде эркек адам эс-учун жоготту. Полиция кызматкерлери тез жардам кызматын чакырып, дарыгерлер келгенге чейин ага биринчи жардам көрсөтүлгөнүн Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Эс-учун жоготкон адам дарыгерлердин коштоосунда өз алдынча окуя болгон жерден кеткен.

"Коомдук коопсуздук бузган адамдарды полиция кармап жаткан учурда эркек киши каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Полиция кызматкерлери жарандарга карата атайын каражат колдонгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Муну менен катар Алмата, Нур-Султан, Шымкент шаарларында нааразычылык акциялары уюштурулганын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.

Жүздөгөн адамдар Алматанын борборунда кармалды. Полиция кызматкерлери, анын ичинде атайын даярдыктагы аскерлер нааразычылык билдирип чыккандарды кармап, автобуска салып кетишкен. Нур-Султан шаарында да чогулгандар кармалды. Ал эми Шымкентте 20дай адамды кармап кетишкен.

Кийинчерээк ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев алар республикада тыюу салынган «Казакстандагы демократиялык шайлоо» уюмунун чакырыктары менен көчөгө чыгышканын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком