20:07, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020262 Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
17:57, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020169 С.Жээнбеков менен Э.Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандык жөө күлүктөр Румынияга учуп кетишти

На русском
21:52, Кулжа айынын жетиси, 2019 201
Анна Буланова
Анна Буланова

Баракелде -  Кыргызстандык жеңил атлетчилер Румыниядагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык турнир 7-8-июнь күндөрү Клуж-Напока шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан кураманын машыктыруучусу Сатыбек Чокаевдин жетекчилигинде 3 спортчу катышат. Румынияга Мусулман Жоломанов менен Данияр Арыпбеков да учуп кетишмек. Бирок алар жаракат алганына байланыштуу командадан чыгарылды.

Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекция бул турнирге 602 миң сом бөлгөн.

Кыргызстандын командасынын курамы:

- Нурсултан Кеңешбеков (1500, 5000 метр)

- Баястан Максатбек уулу (800, 1500 метр)

- Анна Буланова (100, 200 метр)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком