02:50, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ороктогу баш аламандык: Мушташтан жабыркаган 2 өспүрүмдүн абалы оор, - дарыгер

На русском
19:42, 5 кулжа 2019 293

Баракелде -  Сокулук районунун Орок айылындагы мушташтын кесепетинен жабыркаган өспүрүм балдардын абалы оор. Бул тууралуу АКИpress агенттигине нөөмөттөгү дарыгер Алмаз Кулжанов билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдүн бири жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын биринин баш мээси жабыркаган.

Бүгүн, 5-июнда Орок айылындагы Айт намаздан кийин өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, эки бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Мушташтан кийин айрым жашоочулар чогулуп, нааразычылык билдирип, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты. Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком