03:11, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Батукаевдин иши боюнча ким сурак берип, ким камакка алынды? Тизме

На русском
10:47, 4 кулжа 2019 3173
Азиз Батукаев
Азиз Батукаев
// Прайм-Крайм

Баракелде -  Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүш иштерин уюштурууну тапшырган. Министрлик бул кылмыш ишке байланыштуу камакка алуу иштеринин хронологиясын жарыялады.

«Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жогорку кызматтагы адамдар камактан мыйзамсыз бошотуу максатында А.Батукаевге курч миелобласттуу лейкоз (М2-вариант) дарты коюп, ага байланыштуу фактылар жасалма болгон. 2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ А.Батукаевге коюлган дартты жокко чыгарып, фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

А.Батукаевдин ишине байланыштуу камакка алынып, сурак бергендер:

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э. жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен ЖАМКтын медициналык жумушчулары А.А., Ф.А. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми Б.К. жана А.А.га карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттуу жаранга
карата эки айга камакка алуу чарасы тандалган.

Андан сырткары, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. (Динара Сагинбаева) менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийинчерээк сот тарабынан мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. үй камагына чыгаруу чечими менен боштулган.

Шектүүлөр коррупцияга, документтерди жасоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелүүдө.

Кылмыш ишинин алкагында мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев дагы сурак берген.

21-май күнү иликтенип жаткан кылмыш иштин алкагында Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри Шамил Атаханов ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ш.Атаханов кармалып,
Бишкек ШИИБдин
убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында органдарда жана жаза аткаруу тутумунун мекемесинде мыйзамдарды аткаруу үчүн мурунку атайын прокурор М.А. кармалып, ага карата сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

3-июнь күнү иликтенип жаткан кылмыш иштин алкагында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова суракка алынып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Соттук өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком