03:51, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мирзиёевден белек: Өзү жазган ырды президентке окуп берген кыздын атасына унаа берилди

На русском
12:08, 3 кулжа 2019 326

Баракелде -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Букин районунда президенттин демилгесинин алкагында аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Өлкө башчы жаштар паркына да барганын басма сөз кызматы билдирди.

Мирзиёев ар кандай ийримдерге барган жаштар менен баарлашты. 3-класстын окуучусу Фазилат Якубова өлкө башчыга өзү жазган ырды окуп берди. Ыр президенттин негизги 5 демилгеси тууралуу болчу. Президент Фазилаттын атасына кызына чыгармачылыкка жакшы шарт түзүп бергени үчүн унаа белекке берди. Ошондой эле «Фазилат» аталышындагы китепкана ачууну убадалады.

Өзбек президенти жаңы ансамбль түзүп, тиешелүү музыкалык аспаптар жана жабдыктар менен камсыздоону тапшырды. Ал искусствонун сырларын үйрөнүп жаткан жаштарга да белек берген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком