08:35, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвадагы медициналык мекемелерге ташталган 6 наристе Кыргызстанга кайтарылды

На русском
12:24, 28 бугу айы 2019 161
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Кыргызстанга Москва шаарындагы медициналык мекемелерге ташталган 6 наристе кайтарылды. Алардын эң кичүүсү 6 айлык, улуусу 1,5 жашта экенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Балдарды кайтарып берүү иштерине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги көмөк көрсөткөн. Учурда 1 бала туугандарынын үй-бүлөсүндө тарбияланып жатат. Ал эми калган наристелерди да туугандарына берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан баштап 98 жаш бала мекенине кайтарылган. Алардын ичинен 2018-жылы 16, быйыл 6 бала алынып келди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком