02:53, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — 20 жаштагы жигит мечиттен килем менен курулуш материалдарын уурдап кеткен

На русском
09:52, 28 бугу айы 2019 192

Баракелде -  Сокулук районунда милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди,

Апрель айынын аягында Сокулук районунун ички иштер органдарына Шалта айылында жайгашкан мечиттин өкүлү арыз менен кайрылган. Ал арызында 21-апрелде мечиттен 12 килем жана ар түрдүү курулуш материалдарын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Уурдалган буюмдарды кылмышкерлер оор жүк ташуучу унаа менен алып кетиши мүмкүн деген божомол менен милиция кызматкерлери биринчи кезекте оор жүк ташуучу унааларды текшерүүгө алган. Укук коргоо органдары тарабынан Шалта айылында, ошондой эле ага жакын жайгашкан айылдарда жалпысынан 10дой автоунаалар текшерилген. Мындан тышкары милиция кызматкерлери айыл ичиндеги бардык видеокөзөмөл камераларын текшерген.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам изилдөө иш-чаранын жүрүшүндө кылмыш болгон күнү айылда болгон оор жүк ташуучу унаа шек жараткан. Милиция кызматкерлери тарабынан буга чейин алдамчылык жана мал уурулук фактысы боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы Б.А. кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө 7-майда Кызыл-Туу айылында жоголгон ири мүйүздүү малды уурдоого шектелип кармалган жарандын тиешеси бар экендиги аныкталган. «Кылмышкер уурдалган малды интернет аркылуу сатууну пландаган. Бирок ошол замат мал ээси тарабынан таанылган. Уурдалган мал милиция кызматкерлери тарбынан ээсине кайтарылды», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда уурулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком