18:51, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-президент А.Атамбаев жан сакчысы жок калдыбы? Расмий жооп

На русском
16:17, 27 бугу айы 2019 764

Баракелде -  УКМКнын басма сөз кызматы УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев камакка алынгандан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев жан сакчылары жок калганы тууралуу маалыматка жооп кайтарды.

Комитеттин билдирүүсү боюнча, «Мамлекеттик күзөт жөнүндөгү» мыйзамга ылайык мамлекеттик күзөт кызматы президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, Жогорку соттун төрагасына, экс-президентке, ошондой эле өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда Жогорку Кеңештин депутатына, иш сапар менен өлкөгө келген чет өлкөлөрдүн жетекчилерине, өкмөт башчыларына жана делегациянын башчыларына көрсөтүлөт.

«Буга байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин саны мурункудай эле», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком