01:51, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада Энелер күнү белгиленди (сүрөт)

На русском
11:32, 26 бугу айы 2019 185

Баракелде -  24-майда Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери менен Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Энелер күнү майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Аталган иш-чара Россиядагы автономдук коммерциялык эмес «Кам көрүү» борбору тарабынан уюштурулган. Аталган борбор 2018-жылы Россияда эмгектенген мигрант аялдардын укугун коргоо жана коомдук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жардамы менен ачылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кеңешчиси Б.Абдыжапарова энелерге узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук, балдарынын сый-урматын жана сүйүүсүн каалады.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чаранын алкагында «Кам көрүү» борбору уюштурган майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чаранын аягында уюштуруучулар тарабынан коноктор ооз ачарга чакырылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком