01:38, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жаш жигиттердин мушташы өлүм менен коштолду

На русском
13:51, 25 бугу айы 2019 1122
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарындагы мушташтын кесепетинен 21 жаштагы жигит каза болду. Анын өлүмүнө шектүү кармалганын бүгүн, 25-майда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-мартта Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө тез жардам кызматы аркылуу 1998-жылы туулган Т.У. алынып келген. Ал башынан жаракат алганы аныкталып, дарыгерлердин аракетине карабай, 10-март күнү өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты Биринчи май РИИБ тарабынан Жазык кодексиндеги 138-беренин 3-бөлүмү (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«РИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө күбөлөр суралып, 2-мартта саат 21:30 чамасында Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш жигиттердин ортосунда мушташ чыкканын аныкташкан. Т.У. качып жөнөгөндө анын артынан белгисиз жигит барган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1996-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Шектүү

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком