10:01, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте май куюучу жайды тоноого шектелип жаш жигиттер кармалды

На русском
10:49, 25 бугу айы 2019 147

Баракелде -  Бишкек шаарындагы ат-спорттук мектептин жанында жайгашкан май куюучу жайды тоноого шектелип кечээ, 24-майда жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда АКИpress агенттигине булактар билдирди.

Буга чейин Бишкектеги май куюучу жайды белгисиз адам винчестер куралы менен тоноп кеткендиги маалым болгон.

ШИИБдин маалыматына караганда, бет кап кийген эки белгисиз адам Элебесов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайга кол салышкан. Андан 3-5 миң сом өлчөмдө акча уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты Свердлов РИИБдин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком