02:54, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Пакистан/Кыргызстан байланышы: Министр Шах Мехмуд Куреши менен маек

На русском
16:40, 24 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 16:57, бугу айы 24 2019) 186
Пакистандын ТИМ башчысы Шах Мехмуд Куреши
Пакистандын ТИМ башчысы Шах Мехмуд Куреши

Баракелде -  Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши АКИpress агенттигине эки тараптуу мамиле жана аймактык маселелер боюнча айтып берди.

- Учурда Кыргызстан менен Пакистандын алакасы кандай?

- Биздин мамилелер дайыма жакшы болуп келген. Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыздыкты алганда биринчилерден болуп көз карандысыздыкты тааныган өлкөлөрдүн бири Пакистан болду. Эл аралык жана БУУнун алкагындагы кызматташуу абдан жакшы. Биздин мамиле жана баалуулуктарыбыз бир. Биздин көз караштар көптөгөн эл аралык жана аймактык маселелерде дал келет. Жалпысынан биздин Кыргызстан менен болгон мамилебиз жагымдуу.

- Сиздин пикириңизде мүмкүнчүлүктөргө карабай эки тараптуу экономикалык мамилелерде колдонулбай калган мүмкүнчүлүк?

- Мен сиздердин тышкы иштер министриңиздер менен жолугушканда ушул маселени көтөрдүм. Саясий мамиле абдан жакшы болгонуна карабастан, экономикалык мамиле анчалык өнүккөн эмес. Соода жүгүртүү болгону 10 млн доллар, бул сумма эч нерсе эмес.

- Кандай тоскоолдуктар бар жана аларды кантип жойсо болот?

- Мен үчөөнү атайын. Биринчиси — транспорттук байланыштардын жетишсиздиги. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда түз авиабайланыш жок, бул болсо жарандар жана соода байланышы үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Экинчиси — визалык чектөө. Биз жарандарга виза берүүдө ачык жана либералдуураак болушубуз керек. Биздин жарандар эс алууну, бири-биринен дарыланууну каалашат. Виза саясатын кайра карап чыгышыбыз керек. Пакистан тарап жол-жобосун карап чыгып, баасын да төмөндөттү. Кыргызстан дагы өзүнүн саясатын карап көрүшүн каалайм.

Үчүнчүсү — транспорт жана соода тармагында Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан менен түзүлгөн төрт тараптуу келишимде маселе жаралды. Биз бул маселелерди чечишибиз керек. Бул макулдашууну кайра карап чыксак 4 өлкө тең мындан утуш табат.

Саясий эрктүүлүк да керек. Биз Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да жолугушабыз, көз караш жана ой-пикирлерди алмашуу мамилебиз да жакшы, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Бирок биз ишке ашкан макулдашууларды колдонушубуз керек. Биз бүгүн кол койгон документтер абдан маанилүү. Бирок алар турмушта колдонулбаса баалуулугун жоготот. Аларды аткарганда экономикалык архитектура алмашып, Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык мамилелерди тездетет.

- Түз авиакаттам ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр болдубу?

- Ооба, биз муну талкуулап, мүмкүнчүлүктөрдү, эмне иш жасаса боло турганын карадык.

- Виза саясаты боюнча кыргыз тарап эмне деп жатат?

- Алардын пикири оң. Анткени биздин мамиле ишеничте. А мындай мамиле куруу оор эмес деп ойлойм.

- Биздин өлкөлөр ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө кандайдыр бир кызматташуу барбы?

- Ооба, бизде эки тараптуу базалык макулдашуу. Бул макулдашуунун алкагында сиздердин аскерлерди Пакистандагы институттарда окутуп жатабыз. Бул кыргыз тарап үчүн жакшы. Бул биз үчүн да жакшы, жарандар бири-бирин билип, достошуп жатышат.

Буга кошумча оюм, аскер продукцияларын чыгаруучу биргелешкен ишкана болсо болмок. Пакистанда тиешелүү технологиясы бар. Биз бардык чөйрөдө экономикалык эффективдүү жардам көрсөтө алабыз. Муну менен келечектеги аскердик кызматташуунун мейкиндиги бар.

- Пакистан 4 жылдан бери ШКУнун мүчөсү. Бул сиздерге кандай таасир берип жатат?

- ШКУ Пакистанга байланыш түзүүгө, кайрадан эски досторубузду, союздаштарыбызды, Жибек Жолу сыяктуу эски соода жолунда тарыхый байланыштарыбызды табууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Аларды узак убакка чейин тоготпой жүрүштү. Бирок ШКУ активдүү болуп, жанданып баштаганы жана деңиз экономикалык жолдун өнүгүүсү Пакистандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн көбөйттү.

- ШКУ пакистан-индия мамилесин жөнгө сала алабы?

- ШКУнун мүчөлөрү эки өлкө менен тең жакшы мамиледе. Бүгүн Индиянын тышкы иштер министри менен кыскача сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эмне үчүн болбосун? Уюм көпүрөнүн ролун аткарышы мүмкүн… Чындыгында министр менден Бишкектеги саммитте премьер-министрлердин жолугушуусун уюштуруудагы таасир тууралуу сурады. Ооба, биз эч качан күмөн санап, уялган эмеспиз. Индияда шайлоо өттү, эртең жыйынтыгы жарыяланат. Ким утса да Пакистан иштешүүгө даяр. Анткени биздин маселелерди сүйлөшүү жолу жана тынчтык диалогу аркылуу гана чече аларыбызды сезип жатабыз.

- Эми Афганистандагы абал тууралуу. Ооган жаңжалын жөнгө салууда Пакистандын ролу кандай?

- Пакистан бул өлкөгө жардам берип, колдоп жана тынчтык процессин илгерилетип келет. Пакистан Талибанды сүйлөшүү процессине тартууда өзүнүн ролун аткарды. Дохада (Катар) жана Абу-Дабиде (БАЭ) бир нече жолу сүйлөшүү өттү. Учурда үчтүк (Россия, Кытай, АКШ) сүйлөшүү процессин жөнгө салуу үчүн жолугушуп жатат. Пакистан дайыма саясий жөнгө салууну, аймактык мамилени колдойт. Ал эми ШКУ аймактык уюм болуп саналат. Пакистан тараптар жоопкерчилик алышы керек деп эсептейт жана биз бул маанилүү өлкөлөр тынчтык процессин илгерилетүүгө өзүнүн салымын кошот деп күтүп жатабыз. Ошондой эле бул афган диалогунун ичинде жардам берип, элдешүүгө алып келиши керек.

- Сиз айрым саясатчылардын Афганистан Ислам мамлекети (ИГИЛ) үчүн мейкиндикке айланып жана бул Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратып жатканы тууралуу пикирине кошуласызбы?

- Биз буга каршыбыз. Биз Афганистан ИГИЛдин мейкиндигине айланганына каршыбыз. Бул биз үчүн, ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн кооптуу. Ошондуктан биз кызматташышыбыз керек жана кызматташып жатабыз. ШКУнун Терроризмге каршы эффективдүү борбору бар, ал жерде экстремизм, терроризм, көтөрүлүшчүлөрдүн маселесин жана мамлекеттик эмес субъекттерди талкуулайбыз. Бул форум ИГИЛдин Афганистанда пайда болушун алдын алуу үчүн эффективдүү механизм болушу мүмкүн деп ойлойм.

- Акыркы суроо. Бул Кыргызстандан, Тажикстандан Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо каралган CASA 1000 долбоору боюнча суроо. Учурда иштер кандай жүрүп жатат?

- Бул абдан кызыктуу долбоор. Экономикалык жактан пайдалуу долбоор. Бул бардыгы пайда ала турган долбоор. Кыргызстан, Пакистан мындан пайда көрөт. Сиздерде электр энергия ашык болсо, бизде тартыш. Биз сиздер аркылуу арзан, экологиялык энергия импорттой алабыз. Буга жана долбоордун эл аралык укугуна олуттуу мамиле жасайбыз. Долбоор келечектеги башка биргелешкен долбоорлорго негиз болот деп ойлойм.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком