01:34, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жайылда жоголгон 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды

На русском
14:01, 24 бугу айы 2019 136

Баракелде -  Чүй районунун Жайыл РИИБдин кызматкерлери жоголгон өспүрүм кызды табышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

22-майда Жайыл районунун ички иштер органына жергиликтүү тургун кайрылып, 18-майда үйдөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон 14 жаштагы кызын издөөгө жардам берүүнү суранган. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Дайынсыз болуп жаткан кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген.

Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыздын жүргөн жери аныкталып, ал Бишкек шаарындагы парктардын биринде жүргөндүгү белгилүү болгон. 23-майда милиция кызматкерлери кызды Бишкектен таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайы териштирилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком