05:53, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Канжалата сабашкан...»: Валерий Кичин басылмадагы маеги үчүн кечирим сурады

На русском
10:08, 24 бугу айы 2019 500
Валерий Кичин
Валерий Кичин

Баракелде -  Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны жана «Енисей» клубунун коргоочусу Валерий Кичин россиялык басылмага берген маеги үчүн кечирим сурады. Маек 19-мартта Sport24.ru басылмасына жарыяланган болчу.

- Кыргызстанда чоңоюу сизе оор болдубу?

- Бардыгы сыяктуу эле болчумун, кыргызча сүйлөчүмүн. Бирок мага тийшкенге аракет жасашкан учурлар болгон.

- Бул улутка байланыштуу болду беле?

- Бала кезде адаттагы көрүнүш болгон деп эсептейм. Албетте, көп мушташтар болду. Эки күн сайын болуп, ар кандай жыйынтыкталчу. Өлүп калганча сабашкан жок, бирок канжалатышты.

Эгерде орус улутундагы 2-3 адам бара жатса, аларга эч качан бир адам кол салбайт. Керек болсо адамдардын саны бирдей болсо, эч ким тийишпейт. Ал эми үч-төрт адамга көп болсо дароо кол салышчу.

- Жалгыз жүргөндөн коркчу белеңиз?

- Классташтарым менен кошуна болчумун, мектепке чогуу барып келчүбүз. Мен жашаган аймакта орус улутундагылар көп болчу, 5-7 киши. Орустар, кыргыздар, уйгурлар өзүнчө жүрүшчү. Бирок биздин чөйрө интернационал эле.

Кичин 23-апрелде «Локомотив» менен болгон беттеш алдында улутчулдук тууралуу сөз болбогонун билдирген.

«Маекти жарыялаган адам бир аз түшүнбөй калган деп ойлойм. Улутчулдук жөнүндө сөз болгон эмес жана болушу мүмкүн эмес. Ал мени ошондой түшүнүп алган окшойт. Эгер кимдир бирөө түшүнбөй калса кечирим сурайм. Бул жөн гана түшүнбөстүк экенине ишенем», - деди футболчу.

Маек расмий тилде толугу менен бул шилтемеде

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком