17:25, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевди камактан бошоткон судьяга кылмыш иш козголду

На русском
11:00, 23 бугу айы 2019 667
Азиз Батукаев
Азиз Батукаев

Баракелде -  Башкы прокуратура кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Нарын шаардык сотунун мурунку судьясына карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы 9-апрелде Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Ж.Э. ЖАМКтын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучудан А.Батукаевди камактан бошотуу тууралуу сунуштамасын караган. Батукаев 8 жыл 3 ай жана 7 күн жаза өтөмөк.

«Өз кезегинде судья ЖАМКтын сунуштамасындагы А.Батукаев оор дартка чалдыкканы тууралуу материалды терең изилдебей, аны канааттандырып, ага Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Мурунку судья Ж.Э.ге карата Жазык кодексиндеги 335-берененин 1-бөлүмү (билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу) жана 319-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иш козголуп, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Архивдеги материалдар боюнча, сөз судья Жапар Эрматов жөнүндө болуп жатат.

Азиз Батукаев «мыйзамдагы ууру» катары таанымал, 2006-жылы 3-августта Аламүдүн райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл, 8 ай, 15 күнгө эркинен ажыратылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, ЖАМКтын башчысы Икматулла Полотовдун жана 2005-жылы октябрь айында өлтүрүлгөн парламенттин 2 кызматкеринин өлүмүнө айыпталган.

Батукаев жазасын Нарындагы СИЗО-4 мекемесинде өтөп жатканда бошотулган. Бирок ал жазасынын жарымын гана өтөгөн, тактап айтканда дагы 8 жыл, 3 ай жана 7 күн жаза өтөмөк.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком