17:29, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара менен кармалды (сүрөт, видео)

На русском
10:59, 23 бугу айы 2019 512
Задержание подозреваемой
Задержание подозреваемой
// Пресс-служба ГКНБ

Баракелде -  21-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн подрядчы (сатып алуучу уюмдун берүүчүсү) фирманын өкүлүнөн пара талап кылган», - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком