03:49, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанга Кытайдын төрагасы жана Моңголиянын президенти келет

На русском
21:51, 22 бугу айы 2019 181
Халтмаагийн Баттулга менен Си Цзиньпин
Халтмаагийн Баттулга менен Си Цзиньпин

Баракелде -  Кыргызстанда эл аралык масштабдагы иш-чараны өткөрүү күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, 12-июнда Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет. Мындан тышкары 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өлкө башчылардын катышуусунда ШКУнун саммити өтөт. Ал эми 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий сапары менен келсе, 9-августта Чолпон-Ата шаарында ЕЭАБдин кеңешинин отуруму өтөт.

«Бул иш-чаралардын баары биз үчүн чоң сыймык, өлкө башчылар келет. Экинчиден — абдан жоопкерчиликтүү иш-чара, ошондуктан жоопкерчиликтүү мамиле жасап, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүнү суранам», - деди өкмөт башчы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком