18:51, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дастан Догоев — жаңы кызматка талапкер

На русском
14:44, 22 бугу айы 2019 346
Дастан Догоев
Дастан Догоев

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.

Бул комитеттин мурунку жетекчиси Бакыт Шаршембиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын өзү 21-майда Tazabek басылмасына тастыктаган.

Мамлекеттик комитеттин башчысы Бакыт Шаршембиев кызматынан кетти

Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке бош кызмат ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күндүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком