00:49, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Моңголиядагы резиденцияда экс-депутаттын денеси табылды

На русском
09:48, 22 бугу айы 2019 606
Каза болгон экс-депутат
Каза болгон экс-депутат

Баракелде -  Моңголиянын мурунку депутаты жана Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Гаваагийн Батхуу каза болду. Анын жансыз денеси 17-майда мамлекеттик резиденциядан табылган.

Булактардын маалыматы боюнча, Г.Батхуу башынан жаракат алган. Денени күзөтчү резиденциянын 1-кабатынан саат 07:00 чамасында таап, тез жардам кызматын жана полицияны чакырган. Бирок дарыгерлер экс-депутат каза болуп калганын айтышкан.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Гаваагийн Батхуу 1960-жылы төрөлгөн. Ал эмгек жолун заводдо инженер болуп иштөө менен баштап, мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. Мурунку депутат 3 баланын атасы болчу. Ал 4 китеп жана обондуу ырга сөз жазган.

60851353_455091928556389_4442006270177705984_n

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком