03:13, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Эмоцияга алдырып койду»: Депутат өзүн сөккөн кызматкер боюнча үн катты (видео)

На русском
09:03, 22 бугу айы 2019 415
Махабат Мавлянова
Махабат Мавлянова

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова өзүнүн дарегине айтылган сынга жооп берди. Маектин видеосун кечээ, 21-майда парламенттин басма сөз кызматы таратты.

Буга чейин эл өкүлү үйлөнүү тойдо кыздар төшү жана далысы ачык көйнөктөрдү кийбеши керек экенин айтып, пикирин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анын бул пикири талкууга алынып, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова сөгүнгөн сөз менен жооп жазган. Кийинчерээк мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев кечирим сурап, кызматкерге карата дисциплинардык чара көрүлөрүн айткан.

Өз кезегинде Махабат Мавлянова мэриянын ишине жакшы баа бере турганын айтып: «Гуля Алмамбетова эмоцияга алдырып койду деп ойлойм», - деди.

Ал кызматкерди жумуштан бошотуу тууралуу суроого: «Бишкек шаарыбызга, мэрге чоң салымын кошуп жатса, жакшы адис болсо, эмоцияга алдырган сөзү үчүн кетиши керек эмес деп ойлойм», - деп жооп берди.

Твит Гули Алмамбетовой о Махабат Мавляновой

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком