21:45, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөндөр кармалды

На русском
19:28, 21 бугу айы 2019 206
// Пресс-служба МВД КР

Баракелде -  Россияда Кыргызстандын жасалма документтери менен паспортторун колдонуп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Май айында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргызстандын жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуу фактысы аныкталган. Маалыматтарга караганда, Ош облусунун Алай районунун 1994-жылы туулган А.Р. аттуу тургуну Москва шаарында белгисиз жарандардан айдоочулук күбөлүгүн акчага мыйзамсыз сатып алган.

«Акча табуу максатында ал башка жарандын айдоочулук күбөлүгүнүн сериясы менен номуру жазылган жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонуп, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөн», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Россиянын 1979-жылы туулган С.К. аттуу жараны кармалган. Ал бирөөлөр менен макулдашып, жалпы жарандык паспортту акчага жасатып, Россиянын аймагында миграциялык каттоого туруу үчүн колдонуп жүргөн. Жогорудагы жарандын паспортундагы маалыматтар Кыргызстандын 1983-жылы туулган жаранына таандык экендиги аныкталган. Андан тышкары коңшу өлкөнүн 1979-жылы туулган Н.А. аттуу жараны Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн жеринен кармалган.

Документти ал белгисиз адамдардан акчага мыйзамсыз алып, миграциялык каттоого турууга жана банктык картаны жасоого колдонуп жүргөн. Ал эми паспорттогу маалыматтар Кыргызстандын жаранына таандык болуп чыккан.

Аталган фактылар боюнча топтолгон маалыматтар Россиянын ИИМнин Москва шаарынын аймактык бөлүмүндө билдирүүлөрдү жана кылмыштарды каттоо китепчесинде катталды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жогоруда алынган паспорттор мыйзамсыз даярдалгандыгы көрсөтүлүп, жарандардын иш-аракеттеринде Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө (жасалма документти колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери аныкталууда.

Азыркы учурда козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын паспортун даярдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком