08:49, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы М.Абылгазиевдин балдары кайсы окуу жайларда окушат?

На русском
11:21, 21 бугу айы 2019 733
Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4 баланын атасы. Алардын ичинен үчөө студент.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, премьер-министрдин улуу кызы Ажар Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуйт. Ал эми экинчи кызы Саадат жана уулу Абир эл аралык «Ала-Тоо» университетинин студенттери болсо, кичүү уулу Кайрат бала бакчага барат.

----------------------------------------------------------------

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин үй-бүлөсү тууралуу маалымат тараткан. Маалыматта М.Абылгазиев жөнөкөй үй-бүлөдөн экени айтылат. Туугандарынын айрымдары катардагы жөнөкөй кызматтарда эмгектенсе, айрымдары үй кожейкеси.

1. Агасы Калыйнур Абылгазиев жубайы менен бирге пенсияда. Алардын уулу соода тармагында эмгектенсе, бир кызы — кийим тигүүчү, экинчи кызы — үй кожейкеси;

2. Соодонбек Абылгазиев — журналист, акын, жазуучу. Учурда жеке фирмалардын биринде күзөтчү болуп эмгектенет. Анын жубайы мугалим. Кызы жеке ишкерлик менен алектенет, уулу — энергетика тармагында билим алган студент, кызы — мектеп окуучусу;

3. Айнура Дүйшекеева — пенсионер. Анын жолдошунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Жубайлар Нарындагы Кочкор районунда жашайт;

4. Жылдыз Абылгазиева — мугалим. Уулдары курулуш тармагында жөнөкөй куруучу болуп эмгектенишет. Кызы — үй кожейкеси.

5. Азиз Абылгазиев — Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги Баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө кызматынын башчысы (толугу менен). Анын жубайы дарыгер. Ал эми уулдары банктарда катардагы кызматкер болуп иштешет. Кызы каржы тармагында эмгектенсе, жолдошу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары (эмгек жолун ар кандай ведомстволордо адис катары баштаган).

6. Кундуз Абылгазиева — борбордогу ооруканалардын биринде башкы медайым, жолдошу — мурап. Уулдары муниципалдык органдарда жана жеке компанияларда иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып болчу. Ал укук коргоо органдарында, партиялык жумуштарда иштеген. Быйыл күзүндө 100 жашка чыкмак.

Ал эми М.Абылгазиевдин апасы Жеңилдик Абылгазиева үй кожойкеси. Ал 85 жашта, өкмөт башчы менен чогуу жашайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком