17:31, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Премьер-министр Өкмөттүн аппарат жетекчисин кызматтан бошотууну сунуштады

На русском
11:06, 21 бугу айы 2019 158
Шамиль Асымбеков
Шамиль Асымбеков

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековдун берген арызына ылайык аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле бүгүн, 21-майда Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Марат Мукамбетов кызматынан бошотулган. Ага өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон.

Ал тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, Ачык өкмөт улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды», - деп айтылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком