11:18, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

32 жаштагы кишиге белгисиз аял бычак сайып, качып кеткен (шектүүнүн сүрөтү)

На русском
16:36, 20 бугу айы 2019 287
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө аракет жасаган деген шек менен 29 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук РИИБге аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган адам түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Ыкчам тергөө тобу жабырлануучунун өздүгүн аныктап, ал 32 жаштагы Л.Н. экени такталды. Ал сурак учурунда ага бычак сайып, качып кеткен белгисиз аялга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлеринин тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, 29 жаштагы Д.Р. экени такталды. Ал Жазык кодексиндеги 39-130-беренелер (кылмышка аракеттенүү, адам өлтүрүү) боюнча шектүү катары кармалды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком