03:49, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казак президенти Кыргызстанга иш сапары менен келет

На русском
12:52, 20 бугу айы 2019 132
Бейбут Атамкулов менен Чыңгиз Айдарбеков
Бейбут Атамкулов менен Чыңгиз Айдарбеков

Баракелде -  Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүсү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков казакстандык кесиптеши Бейбут Атамкулов менен жолугушуусунда билдирди.

Ч.Айдарбековдун айтымында, Казакстандын президенти расмий сапардан кийин 14-июнь күнү Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин отурумуна катышат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 8-майда президенттикке талапкерлерди каттоону мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Президенттик кызматка жалпы 6 талапкер катталды. Ал эми шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком