21:09, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Парламенттин төрагасы: К.Бакиевдин Белоруссияда коомдук иштерге тартылганы Кыргызстанды тынчсыздандырат

На русском
09:54, 20 бугу айы 2019 2314
Дастан Жумабеков менен Владимир Андрейченко
Дастан Жумабеков менен Владимир Андрейченко

Баракелде -  Кечээ, 19-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Владимир Андрейченко Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Дастанбек Жумабеков жолугушуу мамлекеттер аралык достук мамилелерди жигердүү улантууга өбөлгө болорун белгилеп: «Кыргызстан Беларусь Республикасы менен болгон ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча, парламенттерибиз ортосундагы кызматташтык артыкчылыктуу мааниге ээ», - деди.

Ошондой эле экономикалык алакалар тууралуу сөз кылган төрага: «Биздин алдыбызда эки өлкө ортосунда, андан тышкары КМШ, ЖККУ жана ЕАЭБ алкагында жетишилген эл аралык келишимдерди ишке ашырууну мыйзамдык жактан колдоо тапшырмасы турат», - деп кошумчалады.

Өзгөчө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык маселесине басым жасаган Дастанбек Жумабеков аталган экономикалык биримдик эки өлкөнүн мамилесин дагы кеңейтерине үмүт артарын билдирди. Муну менен катар аймактар аралык байланыштарды да жакшыртуу демилгесин ишке ашыруу зарылчылыгына токтолгон төрага Беларусь Республикасынын Брест жана Гомель облустары менен Кыргызстандын Баткен жана Чүй облустарын кызматташтыкка тартуу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Владимир Андрейченко жылуу кабыл алгандыгы үчүн Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, Белоруссия Кыргызстан менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Бизди узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турат. Кыйын учурларда да биз бири-бирибизге жөлөк болуп, бирге болгонбуз. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн эрдиги Беларусь элинин эсинде. Алсак, СССРдин баатыры — каарман жоокер Жумаш Асаналиевдин эстелиги Минскте тургузулуп, анын аты көчөгө ыйгарылган», - деди.

Мындан тышкары экономикалык байланыштарга да токтолгон Владимир Андрейченко: «Биз айыл чарба, энергетика, машина куруу сыяктуу бир катар тармактар боюнча кызматташа алабыз. Анткени эки тарапка тең ылайыктуу болгон мүмкүнчүлүктөр арбын. Айрыкча билим берүү жаатында да алакаларды кеңейтүү учур талабы. Алсак, азыркы тапта Беларусь Республикасынын жогорку окуу жайларында 26 кыргызстандык студент билим алууда. Келечекте алардын санын көбөйтүү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы турат», - деп кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда Дастанбек Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Беларусь Республикасында кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартылуусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи.

Ал эми Владимир Андрейченко Кыргызстан менен Белоруссиянын алакасын жигердүү улантуу зарылчылыгын айтып: «Жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген ишеничтебиз», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком