19:31, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020189 Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
17:57, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020162 С.Жээнбеков менен Э.Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандыктар Литванын президентин шайлоодо байкоочу болушту

09:41, Бугу айынын жыйырмасы, 2019 (Жаңыланды: 11:08, Бугу айынын жыйырмасы, 2019) 92

Баракелде -  Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы Литва Республикасынын президентин шайлоодо (1-турда) байкоочу болду. Делегацияда БШКнын мүчөсү Н.Арипов менен Аппарат жетекчиси М.Коңурбаев болгон.

БШКнын маалыматы боюнча, Литвада 2-майда президентти шайлоо жана кош жарандуулук жана Сеймдин депутаттарынын санын кыскартуу маселелери боюнча эки референдум өткөн. Программанын алкагында БШК делегациясы шайлоо участогунун ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү. Шайлоонун 2-туру 26-майда өтөт.

Президенттин кызмат ордуна 9 талапкер ат салышкан. Шайлоо участокторунда добуш берүү саат 7:00дөн 20:00гө чейин болуп, шайлоочулардын тизмесине 2 млн 472 миң 405 жаран киргизилген.

Президентти шайлоо болуп өттү деп эсептеш үчүн шайлоочулардын келүү босогосу жок. Чет өлкөдө добуш берүү үчүн 56 миң литвалык жаран катталган.

Бул күнү Литвада президентти шайлоо менен бирге бир эле учурда эки референдум өттү. Республиканын тургундары кош жарандуулукту киргизүү жана парламенттин депутаттарынын санын кыскартуу маселелери боюнча пикирин билдирүүсү керек.

Литванын мыйзамдарына ылайык, референдум болуп өттү деп таанылыш үчүн катталган шайлоочулардын жарымынан көбү — 1 236 203 адам добуш берүүгө тийиш.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком