16:23, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Деңиз жээгинде колумду сурап, шакек такты»: Түрк элине келин болгон кыргыз кызынын баяны (сүрөт)

15:14, 19 бугу айы 2019 17901
Камилла менен Айкут
Камилла менен Айкут

Баракелде -  Сүйүү — чекти, тоскоолдуктарды, мезгилди, кыйынчылыктарды билбеген дүйнөдөгү эң сонун сезим. Буга эки же бир нече улуттан куралган үй-бүлөлөр мисал боло алат. Limon.KG басылмасы бул жолу түрк жигитине турмушка чыккан Камилла менен маектешти.

Камилла 18 жашында Түркияга иштегени кеткен. Ал иштеп, тил үйрөнүп жүргөндө болочоктогу жолдошу Айкутту жолуктурган. Түрк жигити бишкектик сулуунун жүрөгүн багынтып, экөө үй-бүлө түптөшкөн.

Түркиядагы кыйынчылыктар

Мектепти окуп бүтүргөндөн кийин университетке тапшырган жокмун. Башка пландарым бар эле. Апам экөөбүз башка өлкөгө көчүп кетүүнү ойлонуп жатканбыз. 2016-жылы кышында апам Түркияга иштөө үчүн кетти, ал эми 1 айдан кийин апамдын артынан бардым. Бирок апам менен эмес, 20 жылдан бери Түркияда жүргөн туугандарым менен жашап калдым.

Биринчи жылы абдан кыйын болду, анткени түрк тилин билчү эмесмин. Жергиликтүү жашоочулар абдан орой мамиле жасагандай сезилчү. Кайрадан Бишкекке кайткым келген күндөр болду. 3 айдан кийин апам иштеген Анкара шаарына көчүп кетүүнү чечтим. Чыныгы көйгөйлөр ошол жерден башталды. Виза маселеси, жумуш таба албай кыйналдым. Жашоону жек көрдүм. Бардык кыйынчылыктар мени таап, жашоого мүмкүнчүлүк бербей жаткандай сезилчү.

Жолдошумду көргөндөгү алгачкы таасир

Кушадасы шаарында жашаган бөлөм телефон чалып, жакшы досу бар экенин жана ага менин телефон номурумду бергенин айтты. Мага түрк жигиттер жакчу эмес эле. Башка пландарым бар болгондуктан жана англис, түрк тилдери боюнча курска барып, иштегендиктен бирөө менен мамиле курууну ойлонгон эмесмин. Экөөбүз таанышканда эле ал мага жакты. Айкут абдан сылык жана ак көңүл. Ага түрк тилинде жазсам мени шылдыңдачу. Экөөбүз алгач дос катары сүйлөшүп жүрдүк. 3 ай жазышып эле жүрдүк, жолуккан жокпуз.

Бардык сынактарды тапшырып, Кушадасыдагы бөлөмдүн үйүнө бардым. Азыр Айкут экөөбүз жолугарда абдан толкунданганын айтып калат. Ал мени жактырбай коет деп коркуптур (күлүп). Айкут мени кофе ичүүгө чакырды. Ал сүрөттөгүдөй болсо экен деп кудайдан сурандым (күлүп). Көптөн күткөн жолугушуу болуп, ал мотоцикл менен келди. Экөөбүз бири-бирибизден 10 жылга ажырап, кайра көрүшүп жаткандай сезим болду. Мен аны сүйүп калдым. Эс алуу бүтүп жатканда Анкарага кайткым келген жок. Мен Кушадасыда калып, өзүмдүн ишим менен алектенип баштадым. Албетте, үйлөнүү тууралуу ойлондук, бирок чечим кабыл ала албай жүрдүк. Анын ата-энеси мени өз кызындай кабыл алышты, ал эми менин апам күйөө баласын абдан жакшы көрөт.

Колумду деңиз жээгинде сураган

Айкут иштери менен Америкага көп барчу. Ал 14-февралда үйүнө кайтып келди, мен Анкарада апамдыкында болчумун. Экөөбүз Кушадасыда жолуктук. Кечинде деңиз жээгинде сейилдеп жүрсөк унаасын бекиткенди унутуп калганын айтты. Ал колуна гүл кармап, шампан менен кайтып келди. Абдан бактылуу элем, шакек берет деп ойлогон да жокмун. Айкут абдан толкунданып жатканын байкап, тамашалап, сөзгө тарттым. Көпкө чейин кыйналды, капыстан тизелеп отуруп, көзүмө карап, чөнтөгүнөн шакек алып чыкты. Кубанганымдан ыйлап жибердим.

Бир айдан кийин документтерди топтоп, нике күбөлүгүн алдык. Ата-энелерибиз батасын берди. Үйлөнүү тойду быйыл өткөрүүнү чечтик, учурда даярданып жатабыз. Той түрк элинин каада-салты менен өтөт. Түрк элинде той башкача өтөт. Мисалы, дасторконго тамак-аш коюлбайт. Коноктор тамактануу үчүн эмес, бийлөө үчүн келишет. Туугандар жана достор жаш жубайларга алтын белекке беришет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком