10:08, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бүгүн 13 айылдык кеңешке 233 депутат шайланат

На русском
13:52, 19 бугу айы 2019 65
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бүгүн, 19-майда Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын тургундары жергиликтүү кеңештерге 233 депутат шайлайт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең менен саат 08:00дө 13 айылдык кеңеште добуш берүү үчүн 45 шайлоо участогу ачылды. Бардык участоктор зарыл жабдыктар, техника, маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон байланышы менен камсыздалган.

Шайлоочулардын тизмесине 54 782 адам киргизилген. Шайлоо бюллетендеринин зарыл саны даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген.

Президенттин 18-марттагы жарлыгы менен төмөнкү облустарга депутаттарды шайлоо дайындалган:

- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешине;

- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине;

- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине.

Президенттин 4-апрелдеги жарлыгы менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 19-майга дайындалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком