23:31, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Ачык өкмөт» улуттук форумунун башчысы Иманкадыр Рысалиев отставкага кетти

На русском
11:35, 19 бугу айы 2019 469
Иманкадыр Рысалиев
Иманкадыр Рысалиев

Баракелде -  «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев отставкага кетти. Бул тууралуу өзү АКИpress агенттигине билдирди.

Иманкадыр Рысалиев: «Бул кызматтан бир гана максатта — биздин саясий оппоненттерге эки чарба субъектин талашын саясий күрөшкө айлантпоого жол бербөө үчүн кеттим. Биздин идея жабыркашын каалабайм, бизди абдан кыйынчылык менен кабыл алышкан. Эң сонун аянтты — улуттук форумду түздүк. Ал жерге дайыма сүйлөп жүргөн жарандык коомдун бардык өкүлдөрүн чогулттук. 50 пайызы мамлекеттик органдар. "Ачык өкмөт" ачыктыкка багытталган. Бул маселени көтөрүп, бажаны мамлекеттик кызматка айлантышты, коомдук башталгычта 1-январдан тарта иштеп жаткам. Буга чейин жарым жыл келишим боюнча иштегем. Андан кийин коомдук башталгычта иштеп баштап, "бажа эмгек акы алып жатат" деп айтышпасын деп, маяна алган эмесмин. Эң негизгиси саясий жаңжал бул уникалдуу органга — "Ачык өкмөткө" тоскоол болушун каалабайм. Ошондуктан өзүм чечим кабыл алып, премьер-министр ОБСЕге кат жолдоду. Бирок өзүм эртең менен улуттук форум учурдагы абалга байланыштуу башка талапкер даярдаганы боюнча билдирүү жазып тараттым», - деди.

Иманкадыр Рысалиев мунун баары уулу Эрназар Иманкадыр уулу 4 айда аукцион өткөрүп, келишим түзүп жана уюлдук операторду ишке киргизүүгө даярдаганына байланыштуу болду деп эсептейт.

«Албетте, бул жерде "уюлдук мафия", уюлдук компаниялардын өкүлдөрү улуттук оператордун ишке киришин каалаган жок. Кыргызстанда эгемендүүлүк жылдарында өзүнүн уюлдук оператору болгон жок. Бардык оппоненттер биригип, үй-бүлөлүк кландык башкаруу темасын козгоого боло турганын түшүнүштү. Чындыгында эч кандай үй-бүлөлүк кландык башкаруу жок. Биздин саясий күрөш уланат, бирок "Ачык өкмөттүн" ишине эч кандай таасирин тийгизбеши керек. Арыз жазып жөнөттүм. Өкмөт иштеши керек экенин айткым келет. Мен чындыгында бажамын, бирок муну кылмыш деп эсептебейм. Кылмыш — чарбалык талаштын саясий күрөшкө айланышы. Бардык оппоненттер жана экс-президенттин тарапташтары, ошондой эле түрмөдө отургандар биригишти», - деди ал.

---------------------------------------------------------------

Депутат Жанар Акаев парламенттин 15-майдагы отурумунда «КТ Мобайлдын» башында өкмөт башчынын жакын туугандары, бажалары турганы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

Кийинчерээк өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта: «Биз "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экенин тастыктайбыз. Анын уулу Эрназар "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары экенин М.Абылгазиев билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы ал (Эрназар) кызматынан кетиши керек деп эсептейт», - деп айтылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүнүн негиздүүлүгү жана түзүмүнүн эффективдүүлүгүнө анализ жасоону тапшырган.

«КТ Мобайл ЖЧК» ачык акционердик коому 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензия жана жыштык алган.

---------------------------------------------------------------

Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» ЖЧКнын директорунун орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотулганын кечээ, 16-майда компаниянын басма сөз кызматы билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком