00:05, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Президент Сооронбай Жээнбековдун Балыкчы шаарындагы иш сапары

На русском
18:58, 17 бугу айы 2019 84

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Л.Толстой атындагы жана №10 Манас орто мектептерине барып, алардын имараттарын көрүп, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Шаардын тургундары менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан стратегиялык багыттар, реформалар жана улуттук долбоорлор тууралуу айтып берди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар мамлекет башчыга негизинен Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер, бюджет түзүүчү ишканаларды ачуу, өнөр жайды калыбына келтирүү, жолдорду жана инфраструктуралык объекттерди куруу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, региондорду өнүктүрүү, экологияны коргоо, энергетикалык долбоорлор, соттук-укуктук жана кадрдык реформалар, саламаттыкты сактоо, жөлөк пулдарды, арзан насыяларды көбөйтүү, миграцияны кыскартуу жана социалдык маселелерге байланышкан суроолорду беришти. Суроолорго президент, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жооп беришти.

Мамлекет башчысы бир да кайрылуу жоопсуз калбастан, бардык маселелер мамлекеттик бийликтин деңгээлинде чечилерин айтып, Балыкчы шаарын жана республиканын башка региондорун тез арада өнүктүрүү үчүн бардык аракеттер жумшаларын белгиледи.

Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын соңунда Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик тарабынан ишке ашырылып жаткан «Акылдуу шаар» жана «Коопсуз шаар» долбоорлору менен таанышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком