01:34, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевдин иши: Абактагы дарыгердин бутунун манжасы сынган

На русском
17:55, 17 бугу айы 2019 761
Азиз Батукаев
Азиз Батукаев
// Прайм-Крайм

Баракелде -  Азиз Батукаевдин иши боюнча Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кармалган биолог Ирина Цопованын бутунун манжасы сынган. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтан кийин Цопова кармалган кармоочу жайга барышкан. «Убактылуу кармоочу жайдан ага медициналык жардам көрсөтүлүп, бутуна гипс коюлду. Анын эч кимге дооматы жок», - деди ал.

Мындан тышкары кечээ, 16-майда аталган борбордун кызматкерлери Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кармалган мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурунку кеңешчисине барып келишкен. Алар дагы эч кимге арызданышкан эмес.

Буга чейин Ирина Цопованын жактоочусу Татьяна Осипова ал кыйноого дуушар болуп жаткандыгын айтып чыккан.

«Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда Ирина Александровна уктоочу керебеттен кулап кетип, анын кесепетинен томугун кокустатып алган. Бул окуя 7-майда болгон. Абак майрам менен эс алуу күндөрү жактоочулар үчүн жабык болот. Ирина Александровна менен 11-майда гана жолуктум. Ошондо Ирина Александровнанын буту катуу шишип, көгөрүп калганын көрдүм. Майрам менен дем алыш күндөрүнө байланыштуу Иринага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Ага дааратканага барууга уруксат берилген эмес. Суу, тамак-аш беришкен эмес. Бул кыйноо эмеспи?», - деген Татьяна Осипова.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком