17:34, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Саламаттыкты сактоо уюмуна ченемдик каржылоону киргизүү боюнча документтер бекитилди

На русском
13:51, 17 бугу айы 2019 163
Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Кыргызстандын коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча бир катар документтер бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарында каржылоо механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик каржы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында кабыл алынган.

Жогоруда аталган токтом менен:

- Коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо методикасы;

- коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын бюджетин ченемдик каржылоо шартында түзүү жана аткаруу тартиби;

- Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттыкты сактоонун ведомстволук уюмдарын 2019-жылга каржылоонун киши башына карата ченеми;

- Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун 2019-жылга ченемдери бекитилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком