11:37, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202032 Өткөн жылы бензин орточо 5,1%га арзандады
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20201792 Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
10:19, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202054 Токмокто 57 млн сомго төрөт үйү курулуп жатат
Учурда окулуп жатат
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (155 адам окуп жатат)
Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
10:46, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (97 адам окуп жатат)
Ала-Букада РИИБдин эки кызматкери пара менен кармалды

Ишкердин атасы, теннисчи... Казак президенти 66 жашта

На русском
10:39, Бугу айынын он жетиси, 2019 955
Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Баракелде -  Бүгүн, 17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 66 жашка толду.

Касым-Жомарт Токаев 1975-жылы Алмата шаарында төрөлгөн. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун окуп бүтүрүп, 1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине кызматка кирип, Сингапурдагы элчиликке жөнөтүлгөн.

Келечектеги президент Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары, тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр, депутат болуп иштеген. Ошондой эле БУУнун башкы катчысынын орун басары кызматын да аркалаган. Ал эми 2013-жылы Парламент сенатынын төрагасы болуп шайланган.

2019-жылдын 20-мартында Астана шаарында жаңы президент Касым-Жомарт Токаев ант берген. Ал эми 19-мартта кечинде отставкасын жарыялаган Нурсултан Назарбаев: «Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экендигине ынанам», - деген.

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев президенттик кызматка Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштаган. Ал эми президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.

---------------------------------------------------------------------------

Президенттин атасы Кемел Токаев белгилүү жазуучу, согуштун катышуучусу болгон. Апасы Шабарбаева Турар лингвист, педагогикалык жогорку окуу жайда мугалим болуп иштеген.

Касым-Жомарт Токаевдин жеке жашоосу тууралуу маалымат аз. Айрым маалымат булактарында президенттин жубайы Надежда Давыдовна экени жазылса, айрым массалык маалымат каражаттарында ал ажырашып кеткени жазылган. Ал эми уулу Тимур 1984-жылы төрөлгөн, нефть компаниясынын ээси, ишкерлик менен алектенет.

Президент сергек жашоо образын колдойт. Ал окуучу кезинде стол үстүндөгү теннис боюнча «СССРдин спорт чебери» наамына талапкер болгон. Ошондой эле Казакстандын Стол үстүндөгү теннис федерациясын жетектеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком