11:45, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда 2018-жылдагы жол кырсыктардан 87 жаш бала көз жумган

На русском
08:42, 16 бугу айы 2019 101
Жол кырсыкка кабылган унаа
Жол кырсыкка кабылган унаа

Баракелде -  Кыргызстандын аймагында 2018-жылы 5 миң жол транспорт кырсыгы катталган. АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын адиси Тилек Бутешов билдиргендей, анын ичинен 1,4 миң кырсыкка жаш балдар катышкан.

Бул сандар ИИМ тарабынан берилгенин айтып, жол кырсыктардын кесепетинен 9 миң адам жабыркаганын кошумчалады. Жалпы 716 адам көз жумса, анын ичинен 87 маркум жаш балдар.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу мындай кырсыктардын саны азая турганын жана адамдын өмүрү баарынан маанилүү экенин белгилеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком