10:06, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кореяга виза алып берүүнү убадалаган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

На русском
12:29, 15 бугу айы 2019 128
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Октябрь РИИБдин 4-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине Р.С. аттуу жаран кайрылып, 35-40 жаштагы адам өткөн жылы 28-ноябрда борбордун 10-кичи районунда Кореяга виза алып берүү убадасы менен 50 миң сомун алдап алып, качып кеткен адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1981-жылы туулган А.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком