02:55, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курсан Асанов Россиянын ички иштер министринин орун басарын медаль менен сыйлады (сүрөт)

На русском
08:40, 15 бугу айы 2019 152
Курсан Асанов жана Игорь Зубов
Курсан Асанов жана Игорь Зубов

Баракелде -  Кечээ, 14-май күнү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен Россия Федерациясынын ички иштер министринин статс-катчысы — орун басары Игорь Зубов жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Курсан Асанов: «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосунда достук мамиле калыптанып, өнүгүүнү жана жакшыртууну улантып келет. Биз Россия Федерациясы, анын ичинде Ички иштер министрлиги көрсөткөн моралдык жана материалдык-техникалык колдоолорду жогору баалайбыз», - деди.

Өз кезегинде Игорь Зубов Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Курсан Асанов кызматташуунун перспективдүү багыттары катары ички иштер органдарын реформалоо, эл аралык терроризм, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, баңгитрафигине каршы аракеттенүү, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздук чөйрөсү сыяктуу бирдиктүү кызыкчылыктарды көздөгөн тармакта тажрыйба жана маалыматтар менен бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары тараптар укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу чыныгы оң жыйынтыктарды алып келе тургандыгын айтышып, түзүмдөр ортосундагы мамилени бекемдөөнүн кийинки жолун талкуулашты.

«Курсан Асанов Россия Федерациясынын ички иштер министринин орун басары И.Зубовду Ички иштер министрлиги менен жемиштүү кызматташкандыгы үчүн «Шериктеш» медалы менен сыйлады», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком