11:44, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дарья Маслова: Ысык-Көл марафонундагы жеңишимди айлап күткөн жолдошума арнайм

На русском
11:46, 14 бугу айы 2019 104
Дарья Маслова жолдошу менен
Дарья Маслова жолдошу менен

Баракелде -  Быйылкы Ысык-Көл марафонунун жеңүүчүсү — жөө күлүк Дарья Маслова жеңишин жолдошуна арнады. Эл аралык марафон 11-майда Чолпон-Ата шаарында өттү.

Маслова 42 чакырымды 2 саат 21 мүнөт жана 36 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынган.

«Өзүм көрсөткөн жыйынтыкка абдан канааттандым. Муну менен үчүнчү жолу марафондук аралыкка чуркадым, буга чейин Кытайда эки ирет чуркагам. Ысык-Көлдө жол абдан оор, көтөрүлүп жана кайра түшөсүң. Бул биринчиден. Экинчиден — бийиктик. Бул да абдан оор.

Чуркоонун алдында эч кандай жыйынтык күткөн эмесмин, машыгып жаткандай эле чуркагам. Мындай жеңиштер эмгек аркылуу келет. Машыктыруучуларым стартка даярдашты. Алар менин абалымды билишет. Бул марафон машыгуу сыяктуу эле болду.

Жеңишимди мени айлап күтүп жана ишенген жолдошума, ошондой эле жакындарыма жана машыктыруучуларыма арнайм», - деди Маслова фиништен кийин.

-----------------------------------------------------------------------------

Жөө күлүк Дарья Маслова эки жыл катары менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болгон. Кыргызстан, Эфиопия, Өзбекстан, Кения, Тажикстан, Америка жана Россиянын спортчуларынын арасынан Маслова биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал 21 км 97,5 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өткөн. Д.Маслова эфиопиялык жөө күлүктөн 1 мүнөт 54 секунга, ал эми өзбекстандык спортчудан 4 мүнөткө оозуп чыккан болчу.

2017-жылы Дарья Маслова 5000 жана 1000 метр аралыкта чуркоо боюнча Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Азия оюндарында 10000 жана 5000 метр аралыкта чуркоодо алтын менен күмүш медалга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком