03:14, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент менен башкы прокурор жолугушту

На русском
16:35, 13 бугу айы 2019 140

Баракелде -  Бүгүн, 13-майда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Анда мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Сот реформасы боюнча кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрындагы чечимдерин жана президенттин «Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук көлөмдө ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком