10:33, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Милиционерлер алдамчылыкка шектүү адамды аэропорттон кармашты

На русском
13:17, 13 бугу айы 2019 215

Баракелде -  Аламүдүн РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан «Манас» аэропортунан алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, У.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, биргелешкен бизнести өнүктүрүү убадасы менен Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы жер тилкесине ээлик кылып, качып кеткен 2 адамга жана аял кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тапшырмалар берилген.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Манас» аэропортунда шектүүлөрдүн бири — Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Н.Т. кармалды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Аталган адамдан жабыркагандар 36-35-27 (Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү) же 0 500 69-30-69 (Криминалдык милиция кызматы) телефон номурлары аркылуу кайрылса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком