17:33, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Балбан Каныбек Жолчубеков эл аралык турнирде алтын медаль тагынды

На русском
11:21, 13 бугу айы 2019 177
Каныбек Жолчубеков
Каныбек Жолчубеков

Баракелде -  Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Украинадагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Белгилүү балбандар жана машыктыруучулардын элесине арналган мелдеш 10-11-май күндөрү Киев шаарында өткөн.

Грек-рим күрөшү боюнча килем үстүнө чыккан Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында күч сынашып, 1/8 финалда украиналык Игорь Курочкинди утту. Чейрек финалда грузиялык Дато Чхартишвили менен беттешип, 8:3 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда азербайжандык Мурат Бахаровду утса (9:1), финалдык бөлүктө дагы бир азербайжандык балбан Сакит Гулиевди 7:0 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком