18:52, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дарья Маслова Ысык-Көлдөгү эл аралык марафондун жеңүүчүсү болду (видео)

На русском
12:49, 11 бугу айы 2019 192
Дарья Маслова
Дарья Маслова
// АКИpress

Баракелде -  Жеңил атлетчи Дарья Маслова Ысык-Көл облусундагы эл аралык марафондун жеңүүчүсү болду. Сегизинчи «Run the Silk Road 2019» марафону бүгүн, 11-майда өттү.

Маслова 42 чакырымды 2 саат 21 мүнөт жана 36 секундда чуркап өттү. Ал эми 2-орунду кыргызстандык Юлия Андреева алса, коло медалды кытайлык Юнли Пан жеңди.

Жөө күлүк Дарья Маслова эки жыл катары менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болгон. Кыргызстан, Эфиопия, Өзбекстан, Кения, Тажикстан, Америка жана Россиянын спортчуларынын арасынан Маслова биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал 21 км 97,5 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өткөн. Д.Маслова эфиопиялык жөө күлүктөн 1 мүнөт 54 секунга, ал эми өзбекстандык спортчудан төрт мүнөткө эрте келген.

Ошондой эле ал 2017-жылы Дарья Маслова 5000 жана 1000 метр аралыкта чуркоо боюнча Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Азия оюндарында 10000 жана 5000 метр аралыкта чуркоодо алтын менен күмүш медалга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком