17:30, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Вице-премьер З.Аскаров Оштогу ардагерлер менен жолугушту (сүрөт)

На русском
10:49, 10 бугу айы 2019 97

Баракелде -  Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров кечээ, 9-майда Жеңиштин 74 жылдыгына арналган Ош шаарындагы иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Замирбек Аскаров сөз сүйлөп жатып өкүнүү менен белгилегендей, согуш ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин саны жыл санап азайып жатат.

«Бүгүн республикада 344 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери калды, алардын ичинде Ош облусунда азыркы тапта 35и гана калса, Ош шаарында 7 ардагер бар. Мекенди коргогондордун баары ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Бул майрам биздин жашоодо өзгөчө мааниге ээ. 9-май биз үчүн өзгөчө күн болуп саналат. Бул — мекенинин эркиндиги үчүн өз өмүрүн аябай, согушка аттанган адамдарга таазим этүүчү күн. Бүгүн биздин катарда отурган ардагерлерге бакубатчылык, саламаттык жана сый-урмат каалайм», - деди вице-премьер-министр.

Андан соң Замирбек Аскаров Ош облусунда жашаган согуштун ардагерлери менен жолукту. Вице-премьер-министр өкмөттүн атынан ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алардын каармандыгы жана эрдиги жаш муун үчүн үлгү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле согуш ардагери Абдырайим Шарипбаевге жана Касымбай Жолдошовго материалдык жардам жана эстелик белектерди тапшырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком