10:47, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Улуу Жеңишке 74 жыл: Вице-премьер Нарындагы согуштун жалгыз ардагери Т.Токтомушевди куттуктады

На русском
08:47, 8 бугу айы 2019 134
Аманбай Кайыпов, Тукеш Токтомушев жана Алтынай Өмүрбекова
Аманбай Кайыпов, Тукеш Токтомушев жана Алтынай Өмүрбекова

Баракелде -  Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын шаарындагы жумушчу сапарынын алкагында батирлерин ипотекага сатып алуу сунушталган турак үйдү көрүп чыкты. Көп кабаттуу үйдүн курулушу жакында эле аяктаган болчу.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, курулган турак үй аймактын көпчүлүк жашоочулары үчүн жеткиликсиз болгондуктан потенциалдуу кардарлар үчүн батирлердин баасын арзандатуу боюнча жалданма компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Андан соң Алтынай Өмүрбекова 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды.

«Сизди чын жүрөктөн 9-Май — Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Сиз — эрдиктин, тайманбастыктын жана руханий кубаттын жаркын үлгүсүсүз. Дал ушул сиздердин, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин арты менен биз тынчтык заманда жашап, эмгектенип жатабыз. Сизге эрдигиңиз үчүн тизе бүгүп таазим этебиз», - деди ал.

Ошондой эле ал Тукеш Токтомушевге бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, ага белектерди тапшырды.

Быйыл карыя 96 жашка чыгат. Ал 1942-жылдын апрелинде 17 жаш курагында фронтко чакырылган. 1945-жылдын февралында ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, оорукта кызмат өтөгөн. 1948-жылы Омск шаарында индустриалдык техникумду аяктагандан кийин мекенине кайтып келип, даярдоочу кеңселер тутумунда иштеген. 1949-жылдан 1954-жылга чейин Тянь-Шань облустук даярдоо кеңсесинде башкаруучу болуп эмгектенген. Тукеш Токтомушев — Нарын шаарындагы согуштун жалгыз ардагери.

Ардагердин 6 уулу, 2 кызы, 34 небереси, 28 чөбөрөсү жана 4 кыбырасы бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком